Демократтар Камала Харристи президенттикке талапкер катары көрсөттү

  • 4 недели мурун

АКШнын демократиялык партиясы вице-президент Камала Харристи президенттик кызматка талапкер кылып расмий көрсөттү. Ага Чикагодогу улуттук курултайдын 4567 делегаты же 99% добуш берди.

Харрис жана вице-президенттикке тандалган Тим Уолз ошол маалда Милуокиде шайлоо алдындагы митинг өткөрүп жатышкан.

«Сиздердин талапкериңер болуу биз үчүн чоң сыймык. Бул өнөктүктү катардагы адамдар алдыга жылдырууда, биз чогуу келечекке карай жаңы жол ачабыз» деп айтты видеобайланыш аркылуу сүйлөгөн Харрис.

Харристи экс-президент Барак Обама жана анын жубайы Мишель Обама колдошту. Мурдагы биринчи айым демократ-шайлоочулар арасында абдан популярдуу.

«Америка, үмүт кайтып келатат» деп Обаманын 2008-жылкы шайлоо кампаниясын кыйытты. Ал эми республикачылардын талапкери, экс-президент Дональд Трампты сындап, «куру сөздүн, олдоксондуктун, башаламандыктын дагы төрт жыл бизге кереги жок» деп айтты.

Андан тышкары курултайда республикачылардын өкүлү, бир нече ай Трамптын басма сөз катчысы болгон Стефани Гришэм сүйлөдү. Ал адегенде Трампка чын жүрөктөн ишенгенин, 2021-жылы анын тарапкерлери Капитолийге кол салганда Ак үйдөгү кызматынан кеткен биринчи расмий аткаминер болгонун айтып берди.

19-августта жыйында президент Жо Байден чыгып сүйлөп, дагы бир жолу Харриске колдоосун билдирген.

Туура бир ай мурун Байден жарыштан чыкканын, вице-президентин талапкер катары колдоорун жарыялаган.

«Рейтер» жазганына караганда, бир айда Харрис 500 миллиондой доллар чогулта алды.

Соңку сурамжылоолорго ылайык, демократтардын талапкери Трамптан озуп чыкты.

АКШда президенттик шайлоо 5-ноябрда өтөт.

Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты