Дем алыш күндөрү Ысык-Көлдө 25 мас айдоочу кармалды
- 4 months мурун
Дем алыш күндөрү Ысык-Көл облусунда жол кырсыктарынын алдын алууга багытталган масштабдуу рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, рейд 5-6-августта өттү. Анда 294 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. 25 айдоочу мас абалында унаа башкарган, 12 айдоочу унаасынын айнектерин караңгылаткан.

Муну бөлүшүү