Дастан Бекешов: Өспүрүмдөр арасында квадроберлер тенденциясы жүрүүдө

  • 2 года мурун

Депутат Дастан Бекешов Жогорку Кеңештин 24-октябрдагы жыйынында азыркы учурда өспүрүмдөр арасында квадроберлер деп аталган тенденция жүрүп жаткандыгы тууралуу сүйлөдү.

Ал мектептерде кээ бир өспүрүмдөр атайын жаныбарларга окшоп, ар кандай нерселерди кылып жатышкандыгын айтып, мектептерде бул түшүндүрүү иштерди кылуу керек экендигин билдирди.

«Ошого барбасын, мектептерде да ошону карап чыксын деп суранам. Билим берүү министрликке ушундай тапшырманы берели»,- деген Дастан Бекешов.

Кошумчалай кетсек, квадроберлер азыркы учурда адамдар, айрыкча өспүрүмдөр арасында жүрүп жаткан тенденция. Аны субкультура деп да аташат. Квадроберлер жаныбарларды туурап кийинип, аларды туурап төрт аяктап басышат жана ошол жаныбарга тиешелүү үндөрдү чыгарышат. Бул тенденция КМШ өлкөлөрүндө, айрыкча Орусияда көп катталууда.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты