Дастан Бекешов Бишкекте коомдук транспорттор жетишпей жаткандыгын айтты

  • 2 года мурун

Бүгүн, 13-ноябрда өткөн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешов Бишкекте коомдук транспорттордун жетишсиздиги көйгөйүн көтөрдү. Ошондой эле ал троллейбустарды кайрадан жүргүзүүнү суранды.

Дастан Бекешовдун айтымында, коомдук транспорттордун өтө эле жетишсиздигинен улам борбор шаардын тургундарынан көп арыздар түшүп жатат.

«Качан коомдук транспорт көйгөйү толук чечилет? Троллейбустарды кайрадан жүргүзүү керек. Адамдар жумушуна да, окуусуна да убагында жете албай жатат. Айрыкча Бишкектин сыртында жашагандарга ансайын жаман кылдыңар. Алар Бишкекке дарылануу үчүн, иштеп же окуу үчүн келишет. Аларды болсо автобекетке чейин эле жеткирип, талаага калтырып, мындан ары өзүңөр кеткиле деп жатышат. Бирок алар кантип андан ары кетишет?»,- деген ал.

Депутаттын айтымында, жаңы автобекетти куруу — жакшы иш. Бирок эски бекетти бузардан мурун курулуп бүтүшү керек эле. «Эми жүз жолу ушул боюнча айтылды, бирок карабайсыңарбы азыр кыш келди. Кышында эл жөө басабы тияктан? Коомдук транспорт жетишпейт жатат, эми жөө басыш керекпи? Бул маселени чечиш керек да»,- деген Бекешов.

Дастан Бекешов ошондой эле студенттердин сабагын жылдыруу чечимин кайрадан карап чыгууну өтүнгөн. Анын айтымында, алар үйлөрүнө кеч кайтып жатышат. «Бул жол тыгынын чечкен жок. Тыгындар ансайын күчөдү. Күн сайын кечинде тыгындар болуп, адамдар кете албай жатышат. Өзүңдүн жеке унааң менен да кетүү кыйын, автобустарга да батпайсың. Ушул маселени кыска убакытта чечип берүүңүздөрдү суранам»,- деп кошумчалаган эл өкүлү.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты