Дарыгерлердин айлыгы көбөйтүлдү. Саламаттыкты сактоо министрлиги кимдерге канча кошулганын түшүндүрдү

  • 2 года мурун

Апрель айынан баштап медицина кызматкерлери үстөгү жана кошума төлөмдөрү сакталган шартта 50 пайыз жогорулатылган маяна ала баштайт.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, кызматкерлер жогорулатылган маяналарын 25-апрелден баштап алат. Айыл жерлери, бийик тоолуу аймактар, илимий даражалар, эмгек стаж, категориялар сакталып, маянага кошулат.

Кошумча каражат эмгек стажына карата кошулат:

10 пайыз — 5 жылдан 10 жылга чейин;

20 пайыз — 10 жылдан 15 жылга чейин;

30 пайыз — 15 жылдан ашык иштегендерге.

Ал эми жогорку квалификациялык категория — 50 пайыз, I квалификациялык категория – 30 пайыз, II квалификациялык категория – 10 пайыз кошумча каражат кошулат.

Айылдык ооруканада 6 жыл иштеген, категориясы жок дарыгердин эмгек акысы мурда 9 миң 1 сом болсо, жогорулатылгандан кийин 13 миң 518 сомдун тегерегинде болот (эмгекке катышуу коэффициентин эсепке албаганда).

17 жылдык эмгек стажы бар жогорку категориядагы дарыгердин эмгек акысы мурда 14 миң 252 сом болсо, жогорулатылгандан кийин 21 миң 403 сом болот (эмгекке катышуу коэффициентин эсепке албаганда).

Шаардык бейтапканада эмгек стажы жана категориясы жок жаш үй-бүлөлүк дарыгер мурда 10 миң сом эмгек акы алса, жогорулатылгандан кийин эмгек акысы 15 миң 136 сомдун тегерегинде болот (эмгекке катышуу коэффициентин эсепке албаганда).

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты