Дарыгер-офтальмолог Бактыгүл Мамытова дүйнөдөн мезгилсиз кайтты

2-августта айтылуу офтальмолог, педагог Мамытова Бактыгүл Миталиповна дүйнөдөн кайтты.

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Бактыгүл Мамытова 1966-жылдын 6-июнунда Бишкек шаарында төрөлгөн. 1988-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун артыкчылык диплому менен аяктаган. 1988–1990-жылдары аталган институттун офтальмология кафедрасында клиникалык ординатурадан өтүп, андан соң республикалык клиникалык оорукананын №2 көз микрохирургиясы бөлүмүндө дарыгер болуп эмгек жолун баштаган.

Бактыгүл Мамытова кесипкөйлүгү, билими жана өз ишине берилгендиги менен кесиптештеринин терең урмат-сыйына, бейтаптарынын чексиз ыраазычылыгына ээ болду.

Көп жылдык ак ниет эмгеги жана ата мекендик саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн Бактыгүл Мамытовага 2000-жылы «Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосунун отличниги» ардактуу наамы ыйгарылган. 2007-жылы медицина илимдеринин кандидаты илимий даражасын ийгиликтүү жактаган. 2017-жылы академик Ахунбаев атындагы академиялык сыйлыктын лауреаты болуп, 2018-жылы Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы менен сыйланган.

2017–2024-жылдары Улуттук госпиталдын №2 көз микрохирургиясы бөлүмүн жетектеген.

Ал практикалык ишмердүүлүк менен катар илимий-педагогикалык багытта да үзүрлүү эмгектенип, Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун офтальмология кафедрасында доцент болуп иштеген.

Мамытова Бактыгүл Миталиповнанын жаркын элеси аны таанып-билген, бирге эмгектенген жана баарлашкан адамдардын жүрөгүндө түбөлүккө жашай берет.

Саламаттык сактоо министрлиги маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына, туугандарына, досторуна, кесиптештерине жана шакирттерине көңүл айтат.

Сүрөттө: Бактыгүл Миталиповна Мамытова. Министрлик тараткан сүрөт

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты