Дарыгер Баткенде сабалган эки жашар кыздын абалы тууралуу айтты

  • 2 месяца мурун

20 күн мурун катуу сабалып, жандандыруу бөлүмүнө түшкөн 2 жашар кыздын абалы орточо оор.

Бул тууралуу Баткен облусундагы саламаттык сактоону координациялоо жана башкаруу борборунун жетекчиси Арзыбек Бөрүбеков “24.kg” кабар агенттигине айтып берди.

Арзыбек Бөрүбековдун айтымында, бүгүнкү күнгө наристенин абалы орточо оор деп бааланууда. Аны түтүкчө аркылуу тамактандырып жатышканын, ошондой эле, кыз уйку абалында жаткандыгын билдирген.

“Кечээ кызга апасы кирип, сүйлөштү. Апасына бир аз болсо да реакция кылууда. Бүгүн биргелешкен кеңешме өткөрөбүз, мүмкүн дүйшөмбүдө жалпы палатага которобуз. Наристенин абалы туруктуу”,-деп айтып берген Арзыбек Бөрүбеков маегинде.

7-июнь күнү Баткен облустук биргелешкен ооруканасына эки жашар кыз денесинен жараат алып түшкөн. Бул факт ошол эле күнү Баткен РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына кокустук катары катталып, текшерүү иштери жүрө баштаган.

Аталган кылмыш иши боюнча тергөөнүн жүрүшүндө, Баткен районунун Бужум айылынын 40 жаштагы тургуну Ж.Т. шектүү катары суракка алынып, кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-97-беренелеринин негизинде убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты