Danfoss Борбор Азиядагы кардарларына жакындоодо

  • 2 года мурун
Danfoss Борбор Азиядагы кардарларына жакындоодо

Дүйнөдөгү алдыңкы технология менен камсыздоочу — Danfoss компаниясы үстүбүздөгү жылдын башында Орусиядан жана Беларустан чыкканын жарыялагандан кийин Борбор Азиядагы бардык операцияларын (Казакстан, Кыргызстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Армения) Казакстанга көчүрдү. Аталган өлкөлөр азыр ырааттуу түрдө Danfoss Түркия, Жакынкы Чыгыш жана Африка (TMA) региондоруна көз карандысыз Борбордук Азия бирдиги (CAU) катары кирүүдө. 

Danfoss Борбор Азиядагы кардарларына жакындоодо #69780
Danfoss Борбор Азиядагы кардарларына жакындоодо #69780 (preview)

Бул көрүнүш компания үчүн стратегиялык кадам, анткени сатуу, кардарларды колдоо жана техникалык топтор азыр Казакстанда жайгашкан. Бул стратегия сөз болуп жаткан көп улуттуу даниялык компанияга өз кардарларына натыйжалуураак жана кыска мөөнөттө жардам берүүгө мүмкүндүк берет.

«Danfossто биз кардарларыбызды угуп, алардын бизнесинин энергетикалык натыйжалуулугун жогорулатууга жана декарбонизацияга салым кошууга жардам берүү үчүн талыкпай иштейбиз. Биздин Казакстандагы техникалык командабыз бардык кардарларыбызга приводдор, климатка багытталган чечимдерди кабыл алуу, жогорку басымдагы насостор менен иштөө жана сенсордук чечимдер багытталган областтарда үзгүлтүксүз ишти жана жогорку ишенимдүүлүктү камсыз кылат”, — деди ТМАнын аймактык президенти Зияд Аль Бавализ.

Борбордук Азиянын инженердик келечеги азыркы тапта дүйнөдө урбанизация, санариптештирүү, электрлештирүү жана климаттын өзгөрүүсү күчөп баратат, ошондуктан туруктуулук жана декарбонизация дүйнө жүзү боюнча орчундуу орунду ээлейт. Бул түздөн-түз Danfoss компаниясынын бүткүл дүйнө боюнча жана Борбордук Азияда «жашыл» экономикага өтүүдө өз кардарлары үчүн алдыңкы технологиялык өнөктөш болууга умтулгандыгын көрсөтүп турат.

Эл аралык энергетикалык агенттиктин (IEA) маалыматы боюнча, энергияны үнөмдөө климат жана энергетика боюнча эл аралык максаттарга толук жооп берүү үчүн зарыл болгон энергия менен байланышкан чыгындылардын 40%дан ашыгын азайтат.

Бизде чечим бар экени сүйүндүрөт. Анткени  Danfoss машинанын иштешин жакшыртуучу, чыгындыларды азайтуучу, энергия керектөөнү азайтуучу жана электрлештирүүнү камсыз кылган чечимдерди иштеп чыгат.

«Туруктуу өнүгүү Danfoss бизнеси үчүн кошумча сапат эмес.  Туруктуу өнүгүү — бул биздин бизнес жана биз Борбордук Азиядагы кардарларыбыздын декарбонизацияны акылдуу жана оптималдуу түрдө колдоп, өз иштеринде көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүүсүн каалайбыз», — деп баса белгиледи Заед.

Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү дарекке кайрылыңыз: Мартина Позгай, Маркетинг коммуникациялары боюнча улук адис.

Түркия, Жакынкы Чыгыш жана Африка
Danfoss FZCO
Моб:+971 52-9823929
Электрондук почта: [email protected] 

Биздин чечимдер муздаткыч, абаны кондиционерлөө, жылытуу системалары, энергияны конвертациялоо, кыймылдаткычты башкаруу, өнөр жай жабдуулары, автомобиль, деңиз жана ошондой эле жолтандабастык жабдуулар сыяктуу тармактарда колдонулат. Андан тышкары күн жана шамал энергиясы сыяктуу кайра жаралуучу энергия булактары үчүн чечимдерди, ошондой эле шаарлар үчүн райондук энергетикалык инфраструктураны сунуштайбыз.
Негизги бизнес секторлорубузда терең прикладдык билими жана туруктуу инновациялары менен дүйнөдөгү алдыңкы глобалдык технология өнөктөшү катарыбиз кардарларыбыз үчүн төмөндөгү баалуулуктарды жаратабыз:
• Danfoss Power Solutions — мобилдик жана өнөр жай гидравликасы, суюктуктарды иштетүү, электрлештирүү жана программалык камсыздоо үчүн толук чечимдер
• Danfoss климатка багытталган чечимдер — бул имараттар, муздак чынжырлар, өнөр жай жана инфраструктура үчүн туруктуу жылытуу жана муздатуу чечимдери
• Danfoss приводдоруна багытталган чечимдер — өткөргүч токтун приводдору, жарым өткөргүчтөр жана автомобиль жана өнөр жай секторлорунда электрлештирүү сыяктуу жашыл энергия чечимдери.

Danfoss жөнүндө Danfoss машинанын иштешин жакшыртуучу, чыгындыларды азайтуучу, энергия керектөөнү азайтуучу жана электрлештирүүнү камсыз кылган чечимдерди иштеп чыгат.

Биздин инновациялык иштеп чыгуулар 1933-жылдан бери эл керегине жарап келүүдө. Danfoss 40 000ден ашуун кызматкерлери бар үй-бүлөлүк компания. Биз дүйнө жүзү боюнча 95 фабрикасы бар 100дөн ашуун өлкөдө кардарларды тейлейбиз.

Компания жөнүндө бул жерден көбүрөөк маалымат ала аласыз: Danfoss — сиздин тармак үчүн энергияны үнөмдөөчү жана инновациялык чечимдер | Danfoss

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты