Дагы бир катар ЖОЖдорго өзгөчө макам берилет

  • 7 часов мурун

Президент Садыр Жапаров жогорку билим берүү мамлекеттик уюмдарынын финансылык, материалдык жана интеллектуалдык ресурстарын консолидациялоо, потенциалын жана билим берүү кызматтарын көрсөтүүнүн дүйнөлүк рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында, 2022-жылдын 18-июлундагы жарлыкка өзгөртүү киргизүү жарлыгына кол койду.

Жарлыкка ылайык:

– Баткен мамлекеттик университети;

– Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети;

– Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети;

– Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети;

– Талас мамлекеттик университетине өзгөчө макам берилет.

Буга чейин 2022-жылдын 18-июнундагы жарлык менен бул жогорку окуу жайларга өзгөчө макам берилген:

– Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети;

– Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети;

– Константин Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети;

– Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы;

– Ош мамлекеттик университетине.

Ошондой эле 2024-жылдын март айында Кыргыз-Россия славян университети (КРСУ) өзгөчө макамга ээ болгон.

Сүрөттө: Ысык-Көл мамлекеттик университети. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты