Дача-Су боюнча комиссия: ACT Airlines компаниясы болгону 712 миң 480 доллар которуптур

  • 2 года мурун

ACT Airlines компаниясы жардам катары болгону 712 миң 480 доллар которуптур. Бул тууралуу Дача-Су боюнча коомдук комиссиянын мүчөсү Дилбар Алимова Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

«Дача-Су жыйынында белгилүү болгон жагдайлар. ACT Airlines компаниясы болгону 712 миң 480 доллар которуптур. Негизи самолёт алынганда камсыздандыруудан өтүшү керек, ансыз уча албайт. Бул учак эл аралык каттамдарды жасап жаткандан кийин ал минималдуу алганда 300 млн долларга камсыздандыруудан өтөт. Анын мааниси — эгер ал учак башка бирөөгө зыян келтирсе, камсыздандырудагы сумма ошол жакка төлөнүп берилиши керек эле. Дагы бир маалыматтар боюнча компания 2 млрд долларга камсыздандыруудан өткөн дейт. Менин оюмча, бул компания чоң суммага камсыздандыруудан өткөнүнө карабай, биздин мамлекетти 720 миң доллар менен алдап кеткендей. Компенсация катары башка сумма которулганын айтышууда. Ал сумма азырынча тактала элек.

Андан сырткары, элден чогулган акчанын 30 283 620 сомун бюджетке, 390 455 сомун соцфондго өткөрүп берип салышкан. «Эмне үчүн?» деген суроону бердим, анткени биздин жарандар бюджетти колдойбуз деп акча салышкан эмес да? Ал кездеги комиссиянын чечими болгон деген жоопту берип жатышат», — деп жазды ал.

Бүгүн, 14-июлда Дача-Су боюнча коомдук комиссиянын жыйыны өттү.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты