Дача-Су айылында сарайдан өрт чыгып, бир жаран жабыркады

  • 11 месяцев мурун

Дача-Су айылында жайгашкан сарайдан өрт чыгып, бир жаран жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

21-августта түнкү саат 22:20да Сокулук районунун Дача-Суу айылындагы Достук көчөсүндө жайгашкан сарай күйүп жатканы тууралуу маалымат тушкөн.

Кырсык катталган жерге №7 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп тартылган. Буга кошумча жардамга «Манас» эл аралык аэропортунан 2, №7 ӨКБдан дагы 1 күжүрмөн эсеп барган. Тилсиз жоону өчүрүүдө жалпы 4 өздүк курам иштеп, бүгүн саат 7:00дө чектөөгө алып, 10:12де толук өчүрүшкөн. Кырсыктан 600 чарчы метр сарай жана бастырмада жыйылган 3000 түк беде күйгөн. Өрттүн кесепетенин 22 жаштагы жаран жабыркап, туугандары ооруканага алып кетишкен. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери жана материалдык чыгымдары такталууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты