«Дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок». Жапаров валюта базарындагы абал боюнча пикирин билдирди

  • 2 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров валюта базарындагы кырдаал тыкыр көзөмөлдөнүп жатканын жана бул жаатта дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок экенин билдирди.

Өкмөт башчысы «Азаттыкка» берген маегинде валютаны сатып алуу жана сатуу боюнча рыноктук механизмдер штаттык режимде иштеп жатканын, болгону Кыргызстандан доллар көбүрөөк чыгып жатканын белгиледи.

Анын айтымында, жергиликтүү банктар буга чейин чет элдик валютаны Орусиянын банктары аркылуу алып келсе, азыр айланып башка өлкөлөр аркылуу ташып жатат. 

“Анын өз баасы бар экен. Банктар өз пайдасын көрүүгө аракет кылып жатат. Биз ага каршы деле эмеспиз. Ушул жерден бир нерсеге көңүл бурушубуз керек. Биз 30 жылдан ашык убакыттан бери капитализмдин шартында жашап жатабыз, бирок муну унутуп калып эле илгерки коммунисттердей талап коюп жатабыз”,- деди Жапаров.

Бул боюнча ал банктар маржасы каралып, Улуттук банк банктар канчалык туура пайыздарды коюп жатканын текшерип жатканын билдирди:

«Банктар 1-4 пайызга чейин комиссия коюп жатат. Азыр анын үстүндө иштеп жатышат. Бирок суроо-талап сунушту жаратат экен. Жалпылап айтканда, андай чоң маселе жок».

Жапаров өлкөдө «валютанын кара базары” пайда болгону боюнча дагы пикирин билдирди.

«Биздин өлкөдө эркин базар калыптанган. Ошондуктан эч ким алданбаш керек. Акчанын баарын банктардан алуу зарыл. Акча которууларды банктар аркылуу жүргүзүү абзел. Бизде доллар, алтын-валюталык запас жетиштүү. Өкмөт да аракеттерди көрүп жатат. Азыр дүрбөлөң түшүүгө негиз жок деп ойлойм. Башка өлкөлөрдөн валюта келип — кетип жүргөн, азыр деле келип-кетип жатат. Тек гана Орусия менен Казакстанга көбүрөөк кетип жатканына көңүл бурдук. Ал боюнча иш-аракеттер көрүлүүдө. Украинадагы окуялардан улам бизге кыйынчылык жаралып жатат. Мурда 2,5 миллиард доллар менен келчү, азыр рубль менен келе баштады. Ошондуктан Орусияда да, бизде да рублда бир-эки курс пайда болуп калды. Бирок биз рублга жооп бере албайбыз. Биз сомдун курсу үчүн жооп беребиз»,- деди ал.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты