Дүйшөмбүдө Тажикстанда соттолгон кыргыз жарандарын мекенине кайтаруу маселеси талкууланды

  • 1 год мурун

Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Эрлан Абдылдаев 2-июнда Тажикстандын башкы прокурорунун орун басары Дилшод Талбакзода менен жолукту. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде Тажикстандын аймагында жүргөн кыргыз жарандарынын укуктарынын корголушу жана бул өлкөдө соттолуп, жазасын өтөп жаткан Кыргызстандын жарандарын Кыргызстандын абактарына которуу маселеси көтөрүлдү.

ТИМ Тажикстанда канча кыргыз жараны абакта жатканын тактаган жок. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы 2022-жылы Тажикстанда ондон ашык кыргызстандык соттолуп, жазасын өтөп жатканын маалымдаган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты