Дүйшөмбүдө кыргыз-тажик чек арасы боюнча жумушчу топтордун жолугушуусу өтөт

  • 1 год мурун

10-16-март күндөрү Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында кыргыз-тажик чек арасын тактоого байланыштуу түзүлгөн эки өлкөнүн жумушчу топторунун кезектеги жолугушуулары өтөт.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстандан барчу топтун курамын бекитти. Топту өкмөттүн чек ара боюнча өкүлү Назирбек Бөрүбаев жетектеп барат.

Жумушчу топтордун мурдагы жолугушуусу 3-9-февраль күндөрү Бишкекте өткөн. Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы «достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өткөн жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколдорго кол коюлганын» маалымдаган. Ошондой эле келерки кезектеги жолугушуусу Тажикстандын аймагында өтөрү айтылган.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар, аны тактоо иштери 2002-жылы башталган. 664 чакырым боюнча орток пикир бар экенин эки өлкөнүн президенттери ырасташкан. Чек ара такталып бүтө элек болгондуктан ортодо түрдүү куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган каргашалуу окуялар катталып келет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты