Дүйшөмбүдө кыргыз-тажик чек арасы боюнча жумушчу топтордун кезектеги жыйыны өттү

  • 12 месяцев мурун

4-10-август күндөрү Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын топографиялык жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлганы айтылат.

Жумушчу топтордун кийинки жолугушуусу Кыргызстандын аймагында өтөт.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар, аны тактоо иштери 2002-жылы башталган. 664 чакырым боюнча орток пикир бар экенин эки өлкөнүн президенттери ырасташкан. Чек ара такталып бүтө элек болгондуктан ортодо түрдүү куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган каргашалуу окуялар катталып келет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты