Дүйнө жүзү боюнча пандемиядан кийинки стресс болуп жатканы чындык (Фактчекинг)

7-декабрь күнү “UNCUT-NEWS” сайтында “Коронавирус пандемиясынан кийин, дүйнө жүзүндө стресске кабылгандардын саны көбөйдүбү?”, — деген маалымат жарыяланган. Анда, стресске кабылгандардан сырткары, жүрөк оорусу менен жабыркагандардын саны өскөн айтылып, ага коронавируска каршы вакциналардын да таасири бар экени айтылат.

Дүйнө жүзү боюнча пандемиядан кийинки стресс болуп жатканы чындык (Фактчекинг)

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү. 

Пандемиядан кийинки стресс 

BBC маалымат агенттигине коронавирус менен ооруп айыккан бир топ бейтап, стресске кабылганы тууралуу маалымдаган. 

“Коронавирус менен ооруп айыккандан кийин терең, абсолюттук кайдыгерликке сүңгүп бараткандай сезимде болдум. Эч нерсеге табитим жок жана эч нерсе кубандырбайт. Тамак-аш, эс алуу, шопинг жадагалса жыныстык катнашка дагы каалоом жоголгон”,— деп пост ковиддик стрессти 36 жаштагы Екатерина сүрөттөп берген. 

Башка бир топ бейтаптар да, коронавирус менен ооруп айыккандан кийин, эс тутумдун начарлашы жана сөздөрдү алмаштыруу сыяктуу белгилер байкалганын билдиришкен. 

“Ковидден кийин менин эс тутумум катуу жабыркады. Башында мен сөздөрдү унутуп, чаташтырып, эмне кылууну билбей туруп калган учурларым болот. Көпкө чейин, чайнекти биринчи күйгүзөмүнбү же ага суу куямбы деп ойлонуп калган учурларым да болгон, — деп айтьшкан. 

Ноябрда беделдүү Lancet журналы Британиянын Оксфорд университетинин илимпоздорунун макаласын жарыялап, анда алар АКШнын 69 миллион жашоочунун медициналык документтерин талдап чыгышкан. Алардын 62 миңден ашыгы коронавируска чалдыккан.

Изилдөө көрсөткөндөй, дээрлик ар бир бешинчи америкалык коронавирустан айыккандан кийин, үч айдын ичинде психикалык жабыркоо жана стресске кабылышкан. Көбүнчө бул тынчсыздануу, депрессия жана уйкусуздук болгон.

Дүйнө жүзү боюнча пандемиядан кийинки стресс болуп жатканы чындык (Фактчекинг)

Буга чейин Сан-Рафаэлдеги илимий институттун италиялык окумуштуулары 400дөн ашык бейтапты текшерген. Айыккандан бир ай өткөндөн кийин, алардын 55% дан ашыгы жок дегенде бир психиатриялык симптомго ээ болгон.

Лондондогу Улуттук неврология жана нейрохирургия госпиталынын эксперттер тобунун октябрдагы отчетунда: 

«Коронавирустук инфекция бүт нерв трактына, анын ичинде мээнин кан тамырына таасир этүүчү неврологиялык синдромдордун кеңири спектри менен байланышкан»,-деген билдирүү жасашкан. 

Башкача айтканда, коронавирус менен ооруп айыккандардын арасында, психикалык жактан жабыркаган жана катуу стресске түшкөндөр болгону чындык. 

Бирок азыркы убакка чейин, “постковиддик стресске” алып келген жагдайлар изилденүүдө. 

Стресс жана коронавируска каршы вакциналар 

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери, бир топ жарандар вакциналардын адамдын генин өзгөртүүгө, чип орнотууга жана адамдарды өлтүрүүгө багытталганы тууралуу теорияларды айтып келишет. Бирок, азыркы убакка чейин бул теориялар далилденген эмес. 

Мындан сырткары, пандемиядан кийинки стресс бейтаптарды жүрөк-кан тамыр ооруларына чалдыктырып жатканы жана ал эмдөөнүн натыйжасында болуп жатканы да далилдеген эмес. 

Жыйынтык: Коронавируска каршы сайылып жаткан вакциналар жүрөк-кан тамыр ооруларына жана стресске алып келип жатканы тууралуу теория далилденген эмес. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты