Дүйнө жүзү боюнча 1,1 миллиарддан ашуун адам укпай калышы мүмкүн деген маалымат чын (Фактчекинг)

6-март күнү serep.kg сайтында “ДССУ: «Дүйнө жүзү боюнча 1,1 миллиарддан ашуун жаштар кулакчындын айынан укпай калышы мүмкүн» деген маалымат жарыяланган. 

Анда 2050-жылга карата жер жүзүндө дээрлик 2,5 миллиард адам тигил же бул даражада угуу көйгөйлөрүнөн жабыркап, 700 миллионго жакын адам угуунун начарлашынан улам реабилитацияга муктаж боло турганы айтылган. 

Дүйнө жүзү боюнча 1,1 миллиарддан ашуун адам укпай калышы мүмкүн деген маалымат чын (Фактчекинг)

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү. 

Кулакчындардын угууга болгон таасири

Интернет айдыңынан кулакчындар адамдын угуу жөндөмүн начарлата турганы жөнүндө көптөгөн билдирүүлөрдү табууга болот. 

Алардын дээрлик баарында кулакчынды тынымсыз угуу ден-соолукка байланыштуу көйгөйлөргө жол ача турганы белгиленет.

Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 27-февралда “Дүлөйлүк жана угуунун начарлашы” деген баштема менен билдирүү тараткан. Анда 2050-жылга чейин адамдарда угууга байланыштуу көйгөйлөр жаралып, дүйнөдөгү ар бир онунчу адамдын угуусу начарлайт деп жазылган.

ДССУнун билдирүүсүнө ылайык, адамдын угуусуна таасир эткен төмөнкү факторлор бар:

  • Генетикалык фактор — угуунун начарлашынын тубаса жана гендик өзгөчөлүгүнө жараша кийин пайда болгон себептери;
  • Кызамык жана цитомегаловирус инфекциясы сыяктуу жатын ичиндеги инфекциялар;
  • Ортоңку кулактын өнөкөт сезгениши (ириңдин топтолушу);
  • Кулакка суюктуктун топтолушу;
  • Өнөкөт оорулар;
  • Жашка байланыштуу сенсордук дегенерация;
  • Жумушка байланыштуу ототоксиктүү химиялык заттар;
  • Тамактануу жетишсиздиги сыяктуу факторлор бар.

Мындан сырткары, уюмдун билдирүүсүндө 1,1 миллиарддан ашык жаштар музыканы өтө бийик, угууга коркунуч туудурган үн деңгээлинде уккандыктан угууга байланыштуу маселелер көбөйө турганы да белгиленген.

Изилдөөлөр жана башка факторлор  

80-90 децибелге чейинки үндөр адамдын угуусу үчүн коопсуз деңгээл деп эсептелет. Жогоруда айтылгандардын баары көпчүлүк адамдар үчүн ыңгайсыздыкты жаратат жана мындай үндөрдү сегиз сааттан ашык угуу зыян алып келиши мүмкүн. 

Изилдөөчүлөр көп жылдар бою кулакчындардын көбөйүүсү адамдын угуусуна кандай таасир берерин аныктоо үчүн эксперименттерди жүргүзүшкөн. 

Мисалы, Калифорния университетинин окумуштуулары 22 жыл бою (1988-жылдан 2010-жылга чейин) изилдөө жүргүзүшкөн. Алар “12 жаштан 19 жашка чейинки жаштардын арасында угуусу начар болгондордун саны көбөйүп жатабы?” деген суроого жооп издешкен. Дал ушул жылдарда портативдик плеерлер жана кулакчын колдонулган смартфондор кеңири таралганына карабастан, илимпоздор өспүрүмдөр арасында дүлөйлүктүн же угуунун жарым-жартылай жоготуусунун олуттуу таралышын аныкташкан эмес. Изилдөөнүн бардык жылдарында бул пайыздык көрсөткүч болжол менен бирдей болгон. 

Дүйнө жүзү боюнча 1,1 миллиарддан ашуун адам укпай калышы мүмкүн деген маалымат чын (Фактчекинг)

Швециялык окумуштуулар 17 жаштагы өспүрүмдөрдүн угуу жөндөмүн өлчөшкөн. Изилдөөдө музыканын катуулугуна, ошондой эле угуунун узактыгына көз салынган. Кийинчерээк окумуштуулар музыканы акырын же азыраак уккан теңтуштарына караганда катуу музыканы көп уккан өспүрүмдөрдүн угуусу начарлай турганын аныкташкан. Бирок мында кулакчын менен музыка уккандар менен укпагандардын арасында айырма байкалган эмес.

Ошол эле учурда Кореяда жүргүзүлгөн изилдөө калктын арасында кулакчын колдонуу менен угуунун начарлашынын ортосунда кандайдыр бир мыйзам ченемдүүлүк бар экенин көрсөткөн. 

Изилдөөлөрдө кулакчындарды өтө көп колдонуунун зыяны талашсыз экени көрсөтүлөт. Аны менен катар кулакчындардагы инфекциялар жана гигиенанын сакталбагандыгы да угуу жөндөмүнө таасир бере турганы белгиленет. Анткени дал ушул жол аркылуу кулакты сезгенте турган ооруулардын пайда болуу ыктымалдуулугу жогору. 

Жыйынтык: Кулакчындардын угууну начарлата турганы боюнча изилдөөлөр бар. Ошону менен катар гигиенанын сакталбаганы, генетикалык жана социалдык факторлор да угууга таасир этет. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты