Дүйнөнүн көптөгөн шаарларында Украинаны колдогон акциялар өтүүдө

  • 1 год мурун

23-26-февраль аралыгында дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө «Жарык караңгылыкты жеңет»” (#LightWillWinOverDarkness) деген ураан алдында Украинаны колдогон акциялары өтүүдө.

Митингдер, демонстрациялар жана пикеттер 2014-жылы Кремль украин элине каршы баштаган орус-украин согушун эске салууда. 2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага толук масштабда кол салганына бир жыл болот.

Акцияларды ар кыл өлкөлөрдө жашаган украин активисттери жана диаспоралары уюштурууда. Акциялардын уюштуруучуларынын бири жана кампаниянын координатору – Украина коомдук бирикмеси (Communities Army of Ukraine).

Уюштуруучулар «сары-көгүлтүр түс путиндик караңгылыкты» жеңиши керек деп эсептешет.

Демонстрациялар учурунда митингдин катышуучулары көгүлтүр-сары фонарларды, шамдарды, факел жана файерлерди колдонууну пландашууда.

Айрым шаарларда флешмобдор өтөт.

«Как не стать овощем» демилгесинин негиздөөчүлөрүнүн бири Оксана Мороз чет өлкөлөрдөгү украиналыктар соцтармактарда маалыматарды жайылтуу аркылуу акцияларга катыша аларын жазды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты