“Дүйнөлүк стандарт боюнча окутабыз…” Дагы кайсы мамлекеттерде окуучулар 12 жыл окушат? (Фактчекинг)
- 3 года мурун
- Фактчекинг
6-апрель күнү Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Кыргызстан 12 жылдык окуу системасына өтө турганын билдирген.
Анда бала жылдан утулбай турганы жана мектепке чейинки даярдоо классы жоюла турганын белгилеген. Бирок окуу системасына байланыштуу долбоор коомчулукка сунуштала элек.
Бул сунуш коомчулук арасында бир топ талаш-тартышка жол ачты. Кээ бирлери 12 жылдык окуу системасы Кыргызстандагы билим берүү деңгээлин көтөрө албай турганын айтып, сындап чыгышкан.
“ПолитКлиника” медиасы 12 жылдык окуу системасын анализдеп көрдү.
12 жылдык окуу системасы
Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин билдирүүсүнөн кийин, 8-апрелде министрлик сунушталып жаткан окуу системасы боюнча түшүндүрмө берген.
Ага ылайык, 12 жылдык окуу системасынын пайдалуу жактары белгиленген.
- “Дүйнөлүк стандарт боюнча окутабыз”
Маалыматта сунушталып жаткан окутуу системасы жаңы эмес экени жана жалпы дүйнөлүк тренд экени белгиленген.
“Дүйнөнүн 136 өлкөсү (АКШ, Сингапур, Финляндия, Грузия, Казакстан ж.б.) өз балдарын жана жаштарды ушинтип окутуп жатат. Эгерде балаңыз Кыргызстанда мектепти аяктагандан кийин андан ары чет жакта билим алуу үчүн окууга тапшыра турган болсо, бул ыңгайлуу. Анын ичинде бул Кыргызстандан мектепти аяктаган бүтүрүүчүнүн аттестатын чет мамлекетте таанууну жеңилдетет.”
Чынында дүйнөнүн алдыңкы билим берүү системалары менен окутат деген АКШ, Улуу Британия Сингапур сыяктуу мамлекеттерде 12 жылдык окуу системасы иштейт.
Дүйнөлүк рейтингде бул өлкөлөрдүн дээрлик баары мектептердеги окуу сапаты боюнча алдыңкы орундарда турат.
Бул мамлекеттердин дээрлик баары окуу системасы жаңы түзүлүп
баштаган жылдары 12 жылдык окуу системасы менен иштөөнү улантышкан.
Мисалы, Улуу Британиядагы окуу системасын карап көргөндө Кыргызстандан жана мурдагы СССРдин курамында болгон башка мамлекеттерден бир топ айырмалуу экенин көрүүгө болот.
Улуу Британиядагы окуу системасына ылайык, окуучулар 5 жаштан баштап мектепте билим алып баштайт. Үч этаптан турган билим берүү системасында, бир гана сабактар менен чектелбей окуучунун жөндөмүнө жараша да мамиле жасалат. Мисалы 1-класстан 8-класска чейин окуучулар жалпы программа боюнча окушса, андан кийин 5-10 предметти өздөрүнүн кызыгуусу жана жөндөмүнө жараша тандап алышат. Британ мектептеринин негизги милдети – чыгармачыл, өзүнө ишенген жана өз алдынча ой жүгүрткөн инсанды калыптандыруу экени белгиленип келет.
Ал эми Борбор Азиядагы дээрлик бардык өлкөлөрдө 11 жылдык мектеп системасы менен окутулат. Түркмөнстанда 2013-жылдан бери мектеп окуучулары 12 жыл окутуу системасы ишке киргизилген. 2020-жылдан тарта 12 жылдык билим берүүгө өтүү Тажикстанда да талкууланууда. Ал эми Казакстан 12 жылдык билим берүү усулун 2019-жылы талкуулап, 2021-жылы өтүүнү көздөгөн.
Жыйынтык: Дүйнөнүн көптөгөн алдыңкы мамлекеттеринде 12 жылдык окуу системасы менен окутулаары чындык. Акыркы жылдары Орто Азиянын мамлекеттери да бул системаны киргизүүгө аракет кылып жатышат.
- “Окуучулар жылдан уттурбайт”
Түшүндүрмөнүн экинчи этабында көпчүлүк ата-энелерди жана жалпы коомчулукту убайым кылган убакыт тууралуу сөз болот. Министрликтин билдирүүсүнө ылайык, балдар азыркы система менен деле 0-классты кошкондо жалпы 12 жыл окушат. Ал эми сунушталып жаткан система боюнча да ушунча жыл кетет.
Кыргыз билим берүү академиясынын жетекчиси Назира Дюшееванын “Кутбилим” гезитине берген маегинде бул кадам Республикадагы бардык балдар мектепке чейинки даярдыктан өтпөй калып жатканына байланыштуу сунушталып жатканын билдирген.
“12 жылдык окуу системасынын кадамдын зарылчылыгы өлкө боюнча мектепке чейинки курактагы балдардын 2% мектепке чейинки билим албагандыгына байланыштуу. Бул балдардын билим деңгээлин көтөрүүгө багытталган кадам.”,— деп айткан.
Ал эми министрлик бул система бала-бакчалардын жана ЖОЖдордун ишин жеңилдете турганын кошумчалашкан. Ошондой эле билим берүү министрлигинин орун басары Надира Жусупбекованын айтымында 12 жылдык окуу системасы боюнча биринчи класс олуттуу программа эмес, интерактив жана ойноо форматында болоорун билдирген.
Жыйынтык: Логикалык жактан алып караганда жыл боюнча эки системада жыл боюнча айырмачылык жок. Башкача айтканда “Орун алмашуудан сумма өзгөрбөйт” системасы сунушталууда.
- “Кесипке даярдоо курстары кошулат”
Жалпы долбоор жана системанын иштөөсү үчүн кээ бир жагдайлар түшүндүрүлбөсө да тексттин кыска вариантында “кесиптик окуулар” жөнүндө сөз болот.
“12 жылдык мектепте окуучунун 3 айлык же 6 айлык кесипке даярдоо курстарынан өтүп, кесиптик лицейлердин базасында кыска мөөнөттөрдө жөнөкөй, бирок көбүнчө зарыл болгон жумушчу кесипти алуусуна убакыт болот. Каалоосуна жараша, албетте. Кандайдыр бир негизги кесипти алуу, эгерде жаштарга мектепти аяктагандан кийин үй-бүлөлүк жагдайга жараша дароо эле эмгек базарына чыгуу зарыл болсо, аларга жардамга келерин эске тутуу маанилүү.”,— деп белгиленет.
Бирок бул кайсы багыттагы курстар болоору так аныкталган эмес.
Билим берүүдөгү кыйроо жана аксактыктар
Кыргызстанда билим берүү тармагында бир топ чечилбеген көйгөйлөр бар экенин буга чейинки бир канча изилдөөлөр көрсөткөн.
2018-жылы жүргүзүлгөн изилдөөгө ылайык, Кыргызстандын мектептериндеги 7 жаштан 14 жашка чейинки балдардын 42%ы негизги окуу көндүмдөрүн көрсөтөалбасы, ал эми болжол менен жарымында негизги эсептөө көндүмдөрү жок экени белгилүү болгон. Башкача айтканда окуучулардын 50%га жакыны жакшы окуй алышкан эмес.
Мындан сырткары өлкөдө мектеп жана кваливикациялуу мугалимдердин жетишсиздиги да башка маселе боюнча калууда.
2018-жылдагы маалыматка ылайык, Кыргызстанда 600гө жакын мектеп жетишпейт. Кээ бир учурлдарда окуучулар бир партага үчтөн же төрттөн болуп отурган учурлар кездешет.
Изилдөөлөргө ылайык, мектептеги эффективсиз окутуу балдардын келечегине жана мамлекетке да чоң кедергисин берет. Анткени окууну жана базалык билимдерди өздөштүрө албагандар мамлекеттик кызматтарда иштеп калуусу толук мүмкүн.
Жыйынтык: : Дүйнөнүн көптөгөн алдыңкы мамлекеттеринде 12 жылдык окуу системасы менен окутулаары чындык. Бирок азыр Кыргызстандагы долбоордун толук варианты иштелип чыга элек.