Дүйнөлүк банк жана Швейцария өкмөтү Кыргызстандын энергетика тармагын өнүктүрүүгө 8 млн доллар бөлөт

  • 1 год мурун

Дүйнөлүк банк жана Швейцария өкмөтү Кыргызстандын энергетика тармагын модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү үчүн 8 миллион доллар бөлөт. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү документке финансы министри Бакетаев жана Дүйнөлүк банктын өкүлчүлүгүнүн башчысы Навид Хасан Накви Швейцариянын элчиси Оливье Бангертер кол койду. Ага ылайык, Кыргызстандын электр энергетика тармагын модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү долбооруна колдоо катары 8 млн доллар грант түрүндө бөлүнөт.

Элчи Оливье Бангертер жаңы долбоор каржылык көрсөткүчтөрдү жакшыртууга, калкты жана ишканаларды ишенимдүү электр энергиясы менен камсыздоого, калктын аялуу катмарын социалдык коргоо механизмин түзүүгө жардам берерин белгилеген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты