Дүйнөлүк банк: Украинадагы согуштан улам Кыргызстанда инфляция 15% жогорулашы мүмкүн

  • 2 года мурун

Украинадагы согуш жана Орусияга киргизилген санкциялар жалпы дүйнө экономикасына терс таасирин тийгизет. Анын ичинде көбүрөөк Европа менен Борбор Азиядагы өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн экономикасы оор соккуга учурайт. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын жекшемби күнү жарыяланган баяндамасында жазылган.

Документте дүйнөдөгү соңку кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын экономикасы 2022-жылы беш пайызга кыскарып, инфляция 15% жогорулашы мүмкүн экени жазылган.

Ошондой эле Орусияга салынган санкциялардан улам ал жактагы мигранттар которгон каражаттын кыскарышы ыктымал экени белгиленген. Азык-түлүккө болгон баанын көтөрүлүшү, жумуш орундарынын аздыгы 2022-жылы жакырчылыкты күчөтүшү боолголонгон.

Ошол эле маалда өкмөттүн пенсия менен мамлекеттик кызматкерлердин маянасын көтөрүү сыяктуу антикризистик чаралары кырдаалдан жумшак өтүп кетүүгө өбөлгө түзөрү жазылат.

Дүйнөлүк банктын маалыматына ылайык, Орусиянын согуштук агрессиясы Украинанын экономикасын болжол менен 45,1% кыскартат. Ошол эле маалда бул көрсөткүч «согуштун узактыгына жана интенсивдүүлүгүнө жараша бир аз өзгөрүшү ыктымал».

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты