Дүйнөлүк банк Кыргызстанга ландшафттарды калыбына келтирүү үчүн 52,4 млн доллар бөлөт

  • 4 месяца мурун

Кыргызстандын өкмөтү менен Дүйнөлүк банк ландшафттарды калыбына келтирүү боюнча баасы 52,4 миллион долларлык долбоорду ишке ашыруу тууралуу макулдашууга кол койду. 

Документке туруктуу агроөнөр жай секторун түзүүгө арналган агрардык форумдун алкагында кол коюлганын Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматта аталган долбоор мөңгүлөргө, кар катмарына, сел жана суу ташкындарына мониторинг жүргүзүү боюнча өкмөттүн потенциалын жогорулатууга, ошондой эле климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттерин азайтуу жана адаптациялоо боюнча чараларды ишке ашырууга багытталганы айтылат. 

Форумга катышкан өкмөт башчысы Акылбек Жапаров бул долбоордун алкагында селдин алдын алуу үчүн Кара-Дарыя, Кара-Үңкүр, Жазы, Араван-Сай жана башка дарыяларга дамба коюлуп, жээкти бекемдеген курулуш иштери жүргүзүлүп, атайын техникалар алынарын билдирди.

Бул долбоорду ишке ашыруунун жыйынтыгы менен 10 миңге жакын кожолук сакталып, болжол менен 82,9 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү экономикалык жоготуулардын алдын алабыз деп күтүлүүдө”, — деди Акылбек Жапаров. 

Ал климаттын өзгөрүшү табигый кырсыктарга таасирин тийгизерин, ал эми сел эгин аянттарына чоң зыян келтирерин белгилеп өттү.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты