Дүйнөлүк банк Камбар-Ата ГЭС-1дин курулушуна көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди
- 2 года мурун
Дүйнөлүк банк Камбар-Ата ГЭС-1ди курууга ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин ырастады. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, АКШнын Вашингтон шаарында Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Адылбек Касымалиев менен Швейцария өлкөлөрүнүн тобунан Дүйнөлүк банктын аткаруучу директору Беатрис Мазер жолугушкан.
Жолугушууда эки тарап Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө багытталган негизги долбоорлорду, анын ичинде Камбар-Ата ГЭС-1дин курулушун каржылоо жана бюджеттик пландоо маселелерин талкуулашкан.
Адылбек Касымалиев Камбар-Ата ГЭС-1 курулушу Кыргызстанды таза жана арзан энергия менен гана камсыз кылбастан, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, экономиканын өсүшүнө алып келерин айткан.
Ал эми Беатрис Мазер Дүйнөлүк банк Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорго, анын ичинде Камбар-Ата ГЭС-1ди курууга ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирген. Ошондой эле ал бул долбоордун Кыргызстан үчүн да, бүтүндөй Борбор Азия чөлкөмү үчүн да мааниси бар экенин айткан.
«Жолугушуунун соңунда Адылбек Касымалиев Беатрис Мазерди Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды, анын айтымында, бул “Дүйнөлүк банк менен эки тараптуу кызматташууну мындан ары чыңдоо үчүн маанилүү кадам болот”,-деп айтылат маалыматта.
Сүрөт: gov.kg




