Дүйнөдө 4, 68 миллиард адам коронавируска каршы эмдөөдөн өткөн

  • 2 года мурун

Дүйнөдө 4, 68 миллиард адам коронавируска каршы эмдөөдөн өткөн. Бул тууралуу статистиканы Джонс Хопкинс университетинин маалыматына таянып, республикалык штаб жарыялады.

Ага ылайык, 10-майга карата дүйнөдө 517 миллион 888 миң 62 коронавирус инфекциясын жуктуруу учуру катталып, 6 миллиондон ашуун адам каза болгон. 4, 68 миллиард (11 миллиард доза) адам эмдөөдөн өткөн. Эксперттердин айтымында, коронавирустун качан бүтөөрүн айтуу азырынча мүмкүн эмес. Анткени, вирус мутацияга кабылып, ар кандай штаммдар жана белгилелери байкалып жатат. Учурда вируска каршы эң натыйжалуу коргоо бул – эмдөө болуп саналат. Көптөгөн өлкөлөр COVID-19га каршы чектөөлөрдү алып салышты, анын ичинде Кыргызстан да бар. Алсак, 1-майдан тарта Кыргыз Республикасына киргендер үчүн ПЦР-тестин жана эмдөө сертификатын жокко чыгаруу буйругу күчүнө кирди. Казакстан калкты толук ревакцинациялоого уруксат берди. Бул тууралуу казакстандык маалымат каражаттары жазышууда. «Казакстандыктар бул процедурадан ыктыярдуу макулдуктан кийин гана өтө алышат. Акыркы эмдөө менен кайталанган толук курстун ортосундагы аралык жок дегенде үч ай болушу керек. Кошумчалай кетсек, казак дарыгерлери россиялык Спутник V вакцинасын чыгаруудан жана сатып алуудан баш тартышкан. Казакстандын башкы санитардык дарыгери Айжан Есмагамбетовдун айтымында, өлкөдө COVID-19га каршы төрт миллиондон ашык доза вакцина бар жана бул көлөм “эмдөө жана ревакцинация үчүн жетиштүү”. 15-майдан бери Дания коронавируска каршы эмдөөнү токтотту. Мындай чечимди өлкөнүн өкмөтү кабыл алган. 5,8 миллион калкы бар Дания калкынын 82 пайызы эмдөөдөн өткөн. Башкача айтканда, беш адамдын төртөө толук эмдөөдөн өтүп, вирустан корголгон. Эмдөө боюнча кампания кайрадан ушул жылдын күзүндө улантылат. Испания Евробиримдиктин жана үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары үчүн учурдагы абалга байланыштуу кирүү чектөөлөрүн 15-майга чейин узартты. Туристтер мамлекетке EMA же ДСУ тарабынан бекитилген COVID-19га каршы эмдөө сертификаты менен гана кире алышат. Эмдөө 270 күн мурда жасалган болушу керек. Ошондой эле коронавирустан айыккандыгы тууралуу күбөлүк тапшырууга болот. Германия жаңы омикрон-штаммына каршы вакцинаны 2022-жылдын күз мезгилинде колдоно баштайт. Себеби, немис дарыгерлери эпидемиологиялык абалдын начарлашын жокко чыгарышпайт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты