Дүйнө чемпиондугунда коло уткан Денис Петрашовго акчалай сыйлык берилди
- 10 месяцев мурун
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев сууда сүзүү боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль уткан Денис Петрашовду жана атасын кабыл алды.
Касымалиев Денис Петрашовду Сингапурдагы дүйнө чемпионатында коло медаль жеңип алуусу менен куттуктап, сууда сүзүү боюнча байге ээлеринин арасында жаңы өлкө – Кыргыз Республикасы пайда болгонун сыймыктануу менен белгиледи.
“Бул жеңиш ата-баланын биргелешкен аракети менен жасалды – алар 6 Олимпиадага катышкан. Евгений Георгиевич, сиз 1996, 2000 жана 2004-жылдардагы Олимпиадаларга катышкансыз, ал эми уулуңуз 2016, 2020 жана 2024-жылдардагы Олимпиадаларга катышты” , -деди Адылбек Касымалиев.
Ошондой эле, сууда сүзүүчү бассейни бар мектептер долбоорлонуп, Ысык-Көл элиталык туризмдин борборуна айланаарын, бул суу спортунун өнүгүшүнө түрткү берерин белгиледи.
Адылбек Касымалиев суучулга жана машыктыруучусуна акчалай сертификаттарды тапшырды.




