ЦУМ жана ГУМ соода борборлорунда жасалма iPhone телефондор сатылганы аныкталды

  • 10 месяцев мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитет козголгон кылмыш ишинин алкагында «Айчүрөк» соода борборунун имаратындагы соода түйүндөрүн текшерди.

Маалыматка караганда, «Мостовой» соода түйүндөрүнүн кызматкерлери телефон оңдоочу адистердин жардамы менен сыйымдуулугу 256 ГБ болгон жаңы телефондорду ачып, тиешелүү микросхемаларын которуп, сыйымдуулугун жасалма ыкмалар аркылуу 1ТБга көбөйтүшкөн.

Андан соң телефондор кутучаларга салынып, жаңы жана ачыла электей көрүнүшкө ээ болуу үчүн, жергиликтүү шаардык басмаканаларда жасалган фабрикалык чыптамалар менен оролгон.

Ошентип жасалма телефондор «Мостовой» дүкөндөр тармагында, ЦУМ «Айчүрөк» жана «ГУМ» соода борборлорунда жайгашкан башка дүкөндөрдө жогорулатылган баада сатыла баштаган.

УКМК «Мостовой» соода түйүндөрүнөн iPhone уюлдук телефондорун сатып алган жарандарды iUnlocker сайты аркылуу жарыяланган заводдук мүнөздөмөсүнө шайкештигин текшерүүнү өтүнөт.

Эгер дал келбестиктер аныкталса же өз алдынча текшерүү мүмкүн болбосо, 0995 300 871 телефон номуруна кайрылууга чакырат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты