COVID-19га каршы вакцинанын бустердик дозасын алуу аралыгы кыскартылды

  • 3 года мурун

Кыргызстанда коронавируска каршы вакцинанын экинчи жана үчүнчү дозасын алуу аралыгы кыскартылды. Бул тууралуу коронавируска каршы республикалык штабдан билдиришти.

Эми кыргызстандыктар коронавирус инфекциясына каршы бустердик дозаны (вакцинанын үчүнчү дозасы) вакцинанын экинчи дозасынан алгандан 4 ай өткөн соң ала алышат. Мурда 6 айдан соң үчүнчү дозаны алууга уруксат берилчү.

Маалыматта мындай чечим Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашына байланыштуу кабыл алынганы айтылат.

Белгилей кетсек, бүгүн, 12-январда Кыргызстанда коронавирустун «омикрон» штаммы аныкталганы белгилүү болду.

Жаңы жылдан тарта өлкө аймагында вирус жуктургандардын саны кескин өсүп жатат. 12-январга карата 465 жаңы учур катталып, эки бейтап көз жумду.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты