COVID-19: Кыргызстанда 1-ноябрдан тарта өзгөчө абал режими алынып салынат

  • 2 года мурун

1-ноябрдан тартып Кыргызстанда коронавирус инфекциясына байланыштуу өзгөчө абал режими алынып салынат. Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматтта мындай чечим өлкө аймагында COVID-19 боюнча эпидемиологиялык абалдын турукташуусуна жана илдетке чалдыккандардын саны азайганына байланыштуу кабыл алынганы айтылат.

Коронавирус инфекцисына байланыштуу өзгөчө кырдаал режими 2020-жылдын 22-мартында киргизилген.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, учурда өлкөдө COVID-19 боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу. Жарандардын арасында коронавирус катталган бардык учурлар жеңил же симптомсуз өтүүдө. Оор же өлүмгө алып келген учурлар катталган эмес.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты