COVID-19: илдет үч адамдан аныкталды

  • 2 года мурун

14-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19дун үч учуру катталды.

Илдет аныкталгандардын бирөө Бишкектен, экөө Чүй облусунан.

Бул тууралуу коронавируска каршы республикалык штаб билдирди.

Өлкө боюнча коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 200 973кө жетти.

Акыркы суткада коронавирустан бир бейтап айыгып чыкты. Айыккандардын жалпы саны — 196 304.

Каза болгондор катталган жок. Жалпы — 2991.

Ооруканаларда 63 жана үй шартында 24 киши дарыланып жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты