CNN: АКШ бийлигине Ирандын Трампка каршы кутуму жөнүндө маалымат берилген

  • 2 месяца мурун

АКШнын бийлиги соңку аптада бир нече булактардан Ирандын Дональд Трампты өлтүрүү кутуму жөнүндө кабар алган. Бул тууралуу шейшембиде CNN телеканалы маалыматтан кабардар бир нече булагына таянып билдирди.

Ошол эле маалда булак 13-июлда Пенсильванияда Трампка ок чыгарды деген Томас Мэтью Крукстун ирандык кутумга эч кандай тиешеси жок экенин белгиледи.

CNNдин билдиришинче, ирандыктардын Трампты өлтүрүү аракети жөнүндө АКШ бийлигине кабар берилгенден кийин өлкөнүн жогорку кызмат адамдарды кайтарган Жашыруун кызматы экс-президенттин коопсуздугун күчөткөн. Американынын улуттук коопсуздук органдарындагы жогорку кызмат адамы Жашыруун кызмат жана экс-президент Дональд Трамптын шайлоо штабы ишембидеги окуяга чейин эле кол салуу жөнүндө кабардар болгонун айтып берген.

Трамптын штабы комментарий берген жок. «Биз Трамптын коопсуздугунун деталдары жөнүндө комментарий бербейбиз. Бардык суроолор АКШнын Жашыруун кызматына берилиши керек» деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Трамптын администрациянын мурдагы расмий өкүлөрү, анын ичинде улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон жана мамлекеттик катчы Майк Помпео Тегерандын коркутууларына кабылган. Ал 2020-жылы Ирактын борбору Багдадда АКШнын ракеталык чабуулунан «ал-Кудстун» башчысы Касем Сулеймани жок кылынганына байланыштуу болгон.

Трамп 13-июлда Батлер шаарында тарапкерлери менен жолугушуудагы бир нече жолку ок атуу маалында кулагына ок жеп, жеңил жараат алган. Акыркы маалыматтарга караганда, ок аткан кишини кошкондо эки адам каза тапты. Дагы эки киши жараат алды.

ФБР ок атууларды адам өмүрүнө кол салуу беренеси менен иликтеп жатканын жарыялады. Ал эми ок аткан адам 20 жаштагы Томас Мэтью Крукс экенин маалымдады.

Сүрөттө: Дональд Трамп. AP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты