Чыныбай Турсунбековдун кызы Айдай Турсунбекова бир жума мурда камакка алынган

  • 2 месяца мурун

Экс-депутат, Ысык-Көлдөгү «Акун» пансионатынын ээси, маркум Чыныбай Турсунбековдун кызы Айдай Турсунбекова 24-августка чейин камакта болот. Ал эми экинчи кызы Бегимай Турсунбекованын жаш баласы болгондуктан,  24-августка чейин үй камагына алынган.

Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Райондук соттун маалыматында айтылгандай, Айдай жана Бегимай Турсунбековаларга кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси (“Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)”) менен кылмыш иши козголгон.

УКМК жана кармалгандардын жакындары маалымат бере элек.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 2008-жылы Ысык-Көл райондук соту тарабынан “Акун” пансионатына жер тилкесин жеке менчикке берүү жөнүндө чечимди мыйзамсыз чыгарылганын билдирген.

2022-жылы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети “Акун” пансионатына тиешелүү баасы 371 миллион сомго бааланган 17,65 га жерди мамлекетке кайтарган.

Айдай Турсунбекова жердин бардык документтери мыйзамдуу экенин билдирген.

«Акун» пансионаты Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, маркум Чыныбай Турсунбековдун жакындарына таандык. Чыныбай Турсунбеков 2020-жылдын июль айында пандемия учурунда дүйнөдөн кайткан.

Сүрөттө: Чыныбай Турсунбеков кызы Айдай менен. Фейсбук баракчасынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты