Чыныбай Турсунбековдун балдарына таандык Капитал банк мамлекеттин карамагына өттү

  • 1 месяц мурун

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбековдун балдарына таандык Капитал банк мамлекеттин карамагына өттү.

Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында маалымат берилди.

Анда айтылгандай, Чыныбай Турсунбековдун уулу Эржанга банктын 40 пайыз акциясы жана кыздары Айдай Турсунбекова менен Чыныбай кызы Бегимайга 30 пайыздан тиешелүү болгон Капитал банктын 100 пайыз акциясы 4-июлдан баштап, мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикке өттү.

Буга чейин Камчыбек Ташиев Турсунбековдун кыздары “мыйзамсыз иштер менен алек болуп” жатканын билдирген.

«Булар 2010-жылы Максим Бакиевге тиешелүү «Акылинвестбанкты» рейдерлик жол менен тартып алышкан. Чыныбай Турсунбеков аялы Нуржан Тентимишевага каттатып, атын «Капитал банк» деп өзгөртүшкөн. Ошондон бери «Капитал банк» болуп иштеп келе жатат» деген Ташиев.

Ошондой эле Бишкек арак заводун, Ысык-Көлдө 18 гектар жерди да мыйзамсыз алып, пансионат салып алышканын белгиледи. УКМКнын төрагасы ал жерлер мамлекетке кайтарылып жатканын, Бишкек арак заводунун ордуна мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу үй салынарып, банк сатылып, акчасы курулушка жумшаларын билдирди.

«Мен буларды менчигиме же жеке чөнтөгүмө алып аткан жокмун. Мамлекетке кайтартып атам. Мисалы, ошол эле арак заводунун 1,5 гектар жерине Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу элге үй салып беребиз. Банкты болсо сатып, андан түшкөн акчаны ошол эле МИКке үйлөрдү салганга жумшайбыз» деди УКМК төрагасы.

Экс-депутат, Ысык-Көлдөгү «Акун» пансионатынын ээси, маркум Чыныбай Турсунбековдун кызы Айдай Турсунбекова 24-августка чейин камакта болот. Ал эми экинчи кызы Бегимай Чыныбай кызы жаш баласы болгондуктан,  24-августка чейин үй камагына алынган.

Райондук соттун маалыматында айтылгандай, Айдай Турсунбекова жана Бегимай Чыныбай кызы кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси (“Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)”) менен кылмыш иши козголгон.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 2008-жылы Ысык-Көл райондук соту тарабынан “Акун” пансионатына жер тилкесин жеке менчикке берүү жөнүндө чечимди мыйзамсыз чыгарылганын билдирген.

2022-жылы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети “Акун” пансионатына тиешелүү баасы 371 миллион сомго бааланган 17,65 га жерди мамлекетке кайтарган.

Айдай Турсунбекова жердин бардык документтери мыйзамдуу экенин билдирген.

«Акун» пансионаты Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, маркум Чыныбай Турсунбековдун жакындарына таандык. Чыныбай Турсунбеков 2020-жылдын июль айында пандемия учурунда дүйнөдөн кайткан.

Сүрөт: Банктын Фейсбук баракчасынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты