Чынгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгын изденип алууга сынак жарыяланат
- 12 месяцев мурун
![Чынгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгын изденип алууга сынак жарыяланат](https://pk.kg/wp-content/uploads/2023/01/ajtmatov-.jpg)
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Ч. Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгын” изденип алууга конкурс жарыялайт. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Сыйлыктар төмөнкү 11 номинациянын ар бири боюнча ыйгарылат:
— “Адабият жаатындагы мыкты чыгарма”;
— “Журналистика жана телекөрсөтүү жаатындагы мыкты чыгарма”;
— “Музыкалык искусствонун мыкты чыгармасы жана аткаруучулук чеберчилик”;
— “Көркөм искусствонун мыкты чыгармасы (живопись, скульптура, графика, декоративдик-колдонмо жана монументтик искусство)”;
— “Шаар курулушу, архитектура менен дизайн жаатында ишке ашырылган мыкты долбоор”;
— “Театр жана цирк искусствосунун мыкты чыгармасы”;
— “Кино жаатындагы мыкты жетишкендик (сценарийлик, композитордук, режиссердук, операторлук жана актердук иштер)”;
— “Илим жана жаңы технологиялар жаатындагы мыкты иш”;
— “Экономика, бизнес менен меценаттык жаатындагы мыкты жетишкендик”;
— “Спорт жаатындагы мыкты жетишкендик”;
— “Жаштар саясатын өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн”.
Талап кылынуучу документтер:
— сунуштоочу катты;
— чыгармачыл союздун башкармасынын чогулушунун протоколун;
— кыскача өмүр баянын (4×6 см 2 фотосүрөт);
— чыгармачылык мүнөздөмөнү;
— сыйлыктары жөнүндөгү документтердин көчүрмөлөрүн;
— иштин кыска (эки беттен ашпаган) аннотациясын;- паспорттун көчүрмөсү.
Изденип алуучулардын жаш курагы 35 жаштан жогору болбоосу керек.Сыйлыкка татыктуу болгон лауреаттар диплом, төш белги жана 100 миң (жүз миң) сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык тапшырылат. Документтер: 10-августка чейин кабыл алынат.
Дареги: Пушкин көчөсү 78, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясатты министрлиги, 1-кабат, Жаштар саясаты башкармалыгы, байланыш телефондору 0(312) 66-09-52, 62-11-94.