Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракесин өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү

  • 1 год мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз ССРинин Эл жазуучусу, Социалисттик Эмгектин Баатыры, Кыргыз Республикасынын Баатыры Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракесин өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түздү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Айтматовдун 100 жылдыгына даярдык көрүү жана анын туулган күнүнүн 95 жылдыгына байланыштуу иш-чараларды өткөрүү боюнча Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тарабынан уюштуруу комитети түзүлдү. Уюштуруу комитети мааракелик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын иштеп чыгып, бекитилди. Уюштуруу комитетинин ишин уюштуруучулук, усулдук жана башка жактан камсыздоо Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жүктөлгөн.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты