Чуулуу кат боюнча окурманга кайрылуу

  • 11 месяцев мурун

Урматтуу “ПолитКлиника” медиасынын окурмандары! Журналистиканын эл аралык стандарттарын карманган эркин медиа катары “Кол тамгасы окшош. Шакиев Бакиевди актоо өтүнүчү менен баш прокурорго кайрылганбы?” деген жаңылыгыбызды толуктоо үчүн убактылуу сайтыбыздан алып турганыбызды сизге кабарлайбыз.

Биз ал жаңылыкта ушундай кат тарап жатканын кабарлап, Жогорку Кеңештин дагы жообун бергенбиз. Башкы прокуратурадан жооп алууга мүмкүн болбогондугун кошо жазганбыз. 

Аталган материал боюнча коомдук резонанс жаралып жатканы дагы бекеринен эмес. Анткени, 90го жакын адамдын өлүмүнө күнөөсү бар бозгундагы президент Курманбек Бакиевди реабилитациялоого болгон аракеттер коомчулуктун кыжырын келтирип жатат.

Нурланбек Шакиев Кыргызстандын жараны катары өзү тууралуу маалыматты жокко чыгаруу талабына укугу бар.  Бирок, бул катты Жогорку Кеңештин аппараты жокко чыгарып жатканы коомчулук тарабынан кызыкчылыктар кагылышы катары бааланышы мүмкүн жана анын аныктыгы боюнча акыркы чекитти койбойт. Анткени, Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп турат. 

Талкууга алынып жаткан бул кат коом үчүн маанилүү болуп саналат, ошондуктан, бул боюнча парламенттик жумушчу комиссия түзүлүп, бардык фракциядан депутаттар кирип, текшерүү жүргүзүп чыкса ынанымдуу болмок. Андан сырткары, көзөмөлдөөчү орган прокуратура бул боюнча өз баасын бериши керек.

Биз ошондуктан, башкы прокуратурага бул боюнча расмий кат жибердик. Алардын жообун алгандан кийин материалды толуктап, кайра чыгарабыз. 

Биздин журналисттик иликтөөлөрдү жасоо практикабыз көрсөткөндөй, көптөгөн журналисттик иликтөөлөр боюнча өз убагында тиешелүү чаралар көрүлбөсө дагы ал бийлик кеткенден кийин иликтөөлөрдүн негизинде кылмыш иштери козголуп, фигуранттар кылмыш жообуна тартылган учурлар болгон. Кыргызстандын жакынкы тарыхы бир дагы бийлик түбөлүктүү эмес экенин көрсөттү. Ошол сыңарындай, азыр болбосо дагы убагы келгенде бул кат дагы өз баасын алат деген ишенимдебиз.

Биз, эркин медиа катары эл аралык стандарттарга таянган журналисттик материалдарыбыз аркылуу элдин маалыматка болгон укугун коргоону уланта беребиз!

Урматтоо менен, “ПолитКлиника”

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты