Чуулгандуу маек: Кадыр Кошалиев Элдик курултайдын төрагалыгынан убактылуу кеткенин айтты

  • 10 месяцев мурун

Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин төрагасы Кадыр Кошалиев ыйгарым укуктарын убактылуу орун басары Бейшенбек Абдразаковго өткөрүп бергенин Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди.

«Биринчи Элдик Курултайдын делегаттары бекиткен Регламенттин 5-главасындагы төраганын ыйгарым укуктары жөнүндөгү талаптарга ылайык менин тегерегимдеги маселелерди делегаттардан жана адистерден турган комиссия тактаганга чейин Курултайдын Аксакалдар кенешинин төрагасынын ыйгарым укуктарын убактылуу орун басарым Бейшенбек Абдразаковго өткөрдүм«, — деп жазды Кошалиев.

Белгилей кетсек, 15-майда бир катар Ютуб-каналдарда Кадыр Кошалиевдин Кыргызстандын качкын президенти Курманбек Бакиевден алган маеги жарыяланган.

Маек жарыяланган учурда Кошалиев Улуттук телерадио корпорациясында иштеп жатканы белгилүү болгон. Анын Бакиевден алган маеги коомчулукта нааразычылык жаратып, талкуу болуп жаткан тапта Кадыр Кошалиев УТРКнын кабарчысы кызматынан кеткен.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты