Чуулгандуу кат: журналисттерден качкан ЖК кызматкери, Башкы прокуратуранын жообу

“ПолитКлиника” медиасы 2023-жылдын 8-майында окурмандарына кайрылып, журналистиканын эл аралык стандарттарын карманган эркин медиа катары “Кол тамгасы окшош. Шакиев Бакиевди актоо өтүнүчү менен баш прокурорго кайрылганбы?” деген жаңылыкты толуктоо үчүн убактылуу  алып турганын билдирген эле. Биз ал убадабызды аткарып, мүмкүн болгон булактардан маалыматтарды чогулттук.

Окуянын чоо-жайы

2023-жылдын 5-майында “ПолитКлиника”  Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин атынан башкы прокурор Курманкул Зулушевге жазылган кат делген документ жөнүндө жаңылык жарыялаган. Ал документте Шакиев “мурдагы президент Курманбек Бакиев жөнүндөгү маалыматтарды мамлекеттик мекемелердин, анын ичинде сот органдарынын сайтынан алып салууну жана маалымат ресурстарында Бакиевдин ар-намысына шек келтирген маалыматтардын таркатылышына бөгөт коюну” суранганы жазылган. 

Жогорку Кеңештин башка депутаттары сыяктуу эле №17 бир мандатуу Аксы шайлоо округунан шайланган депутат катары мага да Жалал-Абад облусунун тургундарынан экс-президент Курманбек Бакиевдин атын калыбына келтирип берүүнү, аны мыйзамдын негизинде реабилитациялоону суранган кайрылуулар көп түшөт“, – деп жазылат катта.

Аталган жаңылыкта Жогорку Кеңештин төрагасынын басма сөз катчысы Алтынбек Деркембаев мындай кат болбогонун, бул Шакиевди жамандоо үчүн гана жасалып жаткан чагымчыл иш деген билдирүүсү дагы берилген

Аталган жаңылык жарык көргөндөн бир күндөн кийин, 6-май, ишемби күнү УКМК кызматкери “ПолитКлиниканын” башкы редактору Дилбар Алимованы телефон аркылуу суракка чакырган. Алимова расмий чакыруу келмейинче суракка баруудан баш тарткандан кийин телефон аркылуу суроолорду беришкен.

Андан көп өтпөй эле соцтармактарда “ПолитКлиниканы” жана башкы редактору Дилбар Алимованы фейк жана тролль болуу ыктымалдуулугу жогору аккаунттар тарабынан активдүү каралоо өнөктүгү башталган. Ал гана эмес, документти жасалмалоого түз айыптагандар дагы болгон. Алардын арасында мамлекеттик бюджеттен каржыланган УТРКнын жана ЭлТРдин кызматкерлери дагы бар. 

Алар Усубалы Каганат деген ат менен белгилүү Фейсбуктун активдүү колдонуучусу, УТРКнын кызматкери, “Чекит” медианын фейк фабрикалар тууралуу иликтөөсүнүн каарманы Усубалы Мамбетов, фейк фабрикалар тууралуу иликтөөнүн каармандары, УТРКнын кызматкерлери Элнура Нурдин кызы жана Диана Айдарова, Улан Касенов, ЭлТРдин кызматкери Исламбек Майрамбековдор болгон. 

Ал эми Улуттук телерадио корпорациясы өзүнүн эфиринен дээрлик 6 мүнөт 40 секунда убакыт бөлүп, “ПолитКлиниканы” фейк маалымат таратууга айыптаган

Ар тараптуу расмий жана расмий эмес кысымдардан кийин Нью-Йоркто жайгашкан «Журналисттерди коргоо комитетинин»  координатору Гүлноза Саид кыргыз бийлигин журналисттерди маалыматы үчүн суракка чакырууну токтотуп, Дилбар Алимова менен «ПолитКлиникага» эркин иштөөгө мүмкүнчүлүк берүүгө чакырган билдирүүсүн таратты. 

“ПолитКлиника” медиасынын командасы жогорудагыдай кысымдардан кийин окурмандарыбызга атайын кайрылуу жасап, бул ишти өз алдынча иликтеп көрүүнү чечтик. 

“ПолитКлиниканын” журналисттеринен качкан Жогорку Кеңештин кызматкери

Жогоруда айтып өткөндөй, Улуттук телерадио корпорациясы бул кат боюнча атайын берүү даярдаган. Берүүнү УТРКга кастинг аркылуу келген жаңы жүзү Айжамал Олжобай кызы алып барган. Аталган берүүдө Жоргорку Кеңештин Документтик камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы Айдай Кудайбергенова 2022-жылы Нурланбек Шакиевдин атынан дегеле кат жазылган эмес деп “так кесе” айткан эле. (03:55-04:32) 

ПолитКлиника” сайтында 6-6651/22 саны менен кат жарыяланган. Мындай номурдагы кат Жогорку Кеңештин аппаратында, тагыраагы, Документтик камсыздоо бөлүмүндө болбогонун жоопкерчилик менен айта алам. Мындай документ жасалма, чагымчыл мүнөздө экенин дагы ишенимдүү тастыктайм. 28-апрелде Нурланбек Шакиевдин атынан же анын атына эч кандай кат катталган эмес”, — деп билдирген Айдай Кудайбергенова. 

Чуулгандуу кат: журналисттерден качкан ЖК кызматкери, Башкы прокуратуранын жообу

Бирок, эмнегедир, УТРКга ишенимдүү жооп берген Айдай Кудайбергеновадан “ПолитКлиника” медиасынын журналисттери интервью алууга аракет кылганда ал кабинетине кирип-кирбей жатып качып жөнөдү. 

Кабинетке кирип баратып

Айдай Кудайбергенова: 

“Пресс-службага баргыла”

ПолитКлиника:

“Сурообуздун пресс-службага тиешеси жок. Бланктарга коюлган номурлар болот го. Ошолорду тактайлы дедик эле”

Айдай Кудайбергенова: 

Кабинетин жаап. “Менин айтканга полномочиям жок” 

ПолитКлиника:

“Анда кимдин полномочиясы бар?”

Айдай Кудайбергенова: 

“Кыздар, пресс-служба менен байланышкыла” 

Кудайбергенова андан ары жооп бербестен кетип калды. Бул жерде “эгерде Айдай Кудайбергенованын жооп берүүгө ыйгарым укугу жок болсо, анда УТРКга кайсы ыйгарым укук менен жооп берди?” деген суроо жаралат. 

Жоргорку Кеңештин Документтик камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысынан жооп ала албаган соң Жогорку Кеңештин жалпы бөлүмүнүн адистерине барып, каттын чыгыш номери боюнча кимге катталаганын тактап көрүүнү чечтик. Нурланбек Шакиевдин атынан башкы прокурор Курманкул Зулушевге жазылган делген каттын чыгыш номерлери 6-6651/22 болгон, ал эми бланктардын номерлери 022495, 022496. 

Чуулгандуу кат: журналисттерден качкан ЖК кызматкери, Башкы прокуратуранын жообу

Жалпы бөлүмдүн адиси жогорудагы каттын чыгыш номери (6-6651/22) депутат Нуржигит Кадырбековдон депутат Азизбек Турсунбаевге жазылган катка тиешелүү экендигин айтты.

Бирок бланктар боюнча тактай алган жок. 

Депутаттар: “Кат алышкан эмеспиз”

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбековго кайрылып, чыгыш номуру 6-6651/22 болгон катты башка депутат Азизбек Турсунбаевге жиберип-жибербегенин тактап көрдүк. Кадырбеков негизи эле Турсунбаев менен кат алышпаганын билдирди.

Ал эми депутат Азизбек Турсунбаев Кадырбеков менен кат алышпаганын айтып, жардамчыларынан тактап берүүнү убадалаган. Бирок материал жарыяланганга чейин андан жооп ала алган жокпуз. 

Депутаттар бланктык кагаздарды кандай тартипте алышат?  

Ошентип Жогорку Кеңештин жалпы бөлүмү аталган чыгыш номерлүү катты тастыктап бере алган жок. Андан сырткары кызыктуу дагы бир жагдай бар! Бул бланктын номери. Жогорку Кеңештин атынан жазылган ар бир бланкта номери болот. Биз сөз кылып жаткан катта 022495, 022496 номерлери көрсөтүлгөн. Бизге дал ушул бланкты ким алганын билүү маанилүү. Бирок сиздер жогоруда Жогорку Кеңештин Документтик камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы Айдай Кудайбергенова суроолорубузду угары менен качып жөнөгөнүн көрдүңүздөр. (Видеону дагы бир кайталап коюу керек)

Бул бланктар катар номери менен болуп, депутаттардын жардамчылары кол коюп гана ала турганын, кайсы номерлүү бланкты кайсы депутаттын жардамчысы алганын тактап койсо боло турганын Жоргорку Кеңештин депутаттары айтып жатат.  

«Бүтүн Кыргызстан» парламенттик фракциясынын депутаты Исхак Масалиев жардамчылары жалпы бөлүмдөн атайын каттап анан аларын билдирди: 

Расмий бийликтин жообу

Аталган каттагы чыгыш номуру жана бланктык кагаздын номурлары боюнча Жогорку Кеңештин аппаратына расмий кат менен “022495, 022496 номерлүү бланктар кимге берилген? № 6-6651/22 чыгыш номерлүү кат Жогорку Кеңеште барбы? Болсо кайсыл жакка жөнөтүлгөн?” деген суроо узаттык. 

Кат жазылган бланк, каттын чыгыш номери, андагы айтылган жана аягында коюлган кол дагы жасалма экендигин белгилеп, дароо маалымат берилген. Андыктан дагы бир жолу кат толугу менен жасалма экендигин, тараган маалыматтар чындыкка жатпастыгын белгилейм”, — деп жооп берди Жогорку Кеңештин маалымат катчысы Жайыл Русланов. 

Ал эми Башкы прокуратуранын Маалымат жана коомчулук менен байланышуу бөлүмү Нурланбек Шакиевдин атынан мындай мүнөздөгү кат түшпөгөнүн билдирип, каттын аныктыгын тактоо үчүн Жогорку Кеңешке кайрылуу керектигин билдирди. Бирок, биз Жогорку Кеңештен аталган кат боюнча берилген суроолорубузга толук жооп ала алган жокпуз. КРнын ар бир жараны мамлекеттик мекемелерден маалымат алуу укугуна ээ жана бул укук мыйзам тарабынан кепилденген.

Мыйзам кепилдик берген маалыматка жетүү укугу

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө мыйзамынын үчүнчү беренесинде ар бир жаранга маалыматка жетүү укугу кепилденгени жазылган. 

“Ар кимге мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагындагы маалыматтарга жетүү укугу кепилденет. Жалпыга жеткиликтүүлүгү, объективдүүлүгү, өз убагында берилиши, ачыктыгы жана ишенимдүүлүгү маалыматка жетүү эркиндигинин негизги принциптери болуп саналат”, — деп жазылат ал беренеде.  

Бирок ошондо дагы бул мыйзам сакталбай, журналисттер мамлекеттик органдар менен соттошууга чейин барган учурлар болот. Эсиңиздерде болсо, 2020-жылдын сентябрынын аягында «Клооп» Юстиция министрлигине каршы административдик сотко доо арыз менен кайрылган. Себеби, ведомство маалыматка жетүүнү чектеген буйрук чыгарган. Документтин негизинде Юстиция министрлиги журналисттерге компаниялар тууралуу документтерди берүүдөн баш тарткан. Ошол эле жылдын 29-октябрында буйрукту жокко чыгаруу керек деген чечим чыгарган. 

“ПолитКлиника” медиасы дагы эки жылдан бери ӨКМден кат аркылуу сураган маалыматтарын ала албай келет. 

Бул мыйзам бир гана журналисттердин эмес, жалпы жарандардын маалыматка жетүү укугун коргойт. 

“ПолитКлиника” медиасы буга чейинки билдирүүсүндө айткандай, Нурланбек Шакиев Кыргызстандын жараны катары өзү тууралуу маалыматты жокко чыгаруу талабына укугу бар.  Бирок бул катты Жогорку Кеңештин аппараты жокко чыгарып жатканы коомчулук тарабынан кызыкчылыктар кагылышы катары бааланышы мүмкүн жана анын аныктыгы боюнча акыркы чекитти койбойт. Анткени Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп турат.  

Талкууга алынып жаткан бул кат коом үчүн маанилүү болуп саналат. Эгер кат жасалма экени чын болсо, анда биз сурап жаткан номердеги бланктар коюлган башка катты эмнеге көрсөтпөй жатышат? Ошондуктан бул боюнча парламенттик жумушчу комиссия түзүлүп, бардык фракциядан депутаттар кирип, текшерүү жүргүзүп чыкса ынанымдуу болмок. Андан сырткары, көзөмөлдөөчү орган прокуратура бул боюнча өз баасын бериши керек. 

“ПолитКлиника”

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты