Чүй дарыясына унаа түшүп кетип, 2 жаран каза болду

  • 2 года мурун

Чүй дарыясына унаа түшүп кетип 2 жаран каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-июль күнү Тоуоta Corolla үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай Чу дарыясына түшүп кетип, кырсыктын кесепетинен унаанын ичиндеги 65 жаштагы М.Г. жана 41 жаштагы Ж.А. аттуу эки жаран каза болду. Ошондой эле 1952-жылы туулган И.Л. жана 1972-жылы жылы туулган Н.Л. аттуу эки аял киши жабыркады.

Окуя Аламүдүн районунун Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу Карл Маркс айылында орун алган. Куткаруучулар Октябрь айыл өкмөтүнүн эксковатору менен дарыяга түшүп кеткен унааны чыгарып, каза болгон жарандардын сөөгүн ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти. Ал эми жабыркаган эки аял тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты