Чолпонбек Абыкеев: «Жогорку Кеңештин депутаттары качып кетип, таппай калбадык беле»

  • 1 год мурун
Чолпонбек Абыкеев: «Жогорку Кеңештин депутаттары качып кетип, таппай калбадык беле»

Бүгүн, 30-майда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинде “Элдик Курултай жөнүндө” мыйзам долбоору каралды.

Анда депутат Мейкинбек Абдалиев өлкөдө төңкөрүш болгон учурда курултайдын ролу кандай болорун сурады. «Андай болбой эле койсун. Бирок, дагы бир төңкөрүш болсо курултай эмне иш аткарат? Курултай чогулабы? Ушундай максатта түзүлгөн жатабы?» — деп сурады депутат.

Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев 2020-жылдагы Октябрь окуясында парламент депутаттары кетип калганын айтып, эми курултай чогулат деген пикирин айтты. «Күтүүсүз абал болуп калса, бул мыйзам кабыл алынгандан кийин Элдик курултай чакырылат. Өткөндө Жогорку Кеңештин депутаттары баары кетип калган. Бийликтин бир дагы өкүлдөрү калбай калган. Ошондо элдин үнүн уга турган башка бийлик бутагы жок калган. Ошондуктан бир жылдык мөөнөткө шайлануу зарылчылыгы ушундан улам болуп жатат», — дейт Абыкеев.

Мейкинбек Абдалиев: «Курултай делегаттары чогулуп, президенттин милдетин аткаруучуну аныктоочу орган болобу?»

Абыкеев: «Бийлик бутагынын ээси — эл. Маселени эл чечет».

Абдалиев: «Анда Жогорку Кеңеш ким? Элдин өкүлү эмеспи?»

Абыкеев: «Жогорку Кеңеш жөнүндө сөз болуп жаткан жок. Өтөндө Жогорку Кеңештин депутаттары качып кетип, таппай калбадык беле».

Абдалиев: «Жогорку Кеңеш качып кетпей, чечим чыгарып берген».

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты