Чолпон Жакупова: «Азыркы учурда соттор катардагы тергөөчүлөрдөн коркушат»

  • 1 год мурун

“Адилет” укук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова азыркы учурда соттор катардагы тергөөчүлөрдөн коркуша турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 7-февралда “Анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө мыйзамы: учурдагы абал жана практикада” аттуу тегерек столдо билдирди.

«Азыркы учурда судьялар соттук процесстин кожоюну эмес. Алар тергөө органына көз каранды. Мындай учурда ЖМК эмес, бир дагы жаран өздөрүн коопсуз сезбейт. Бул коркунучтуу. Кыргызстан полициялык мамлекет болуп калат», — деди ал.

Мындан тышкары, ал эл аралык уюмдарга медиа сабаттуулук боюнча программаны күчтөндүрүү керектигин айтты.

Бүгүн, 7-февралда “Анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө мыйзамы: учурдагы абал жана практикада” аттуу тегерек стол өтүп жатат.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, эл аралык уюмдардын, элчиликтердин, жарандык жана эксперттик коомдун өкүлдөрү катышып жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты