Чолпон-Атадагы «Жетиген» базарынын директору кармалды

  • 1 неделя мурун

Чолпон-Ата шаарындагы «Жетиген» базарынын — «Курорторг Жетиген» ААКсынын акционери жана ошол эле учурда директору болуп саналган Б.Л. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

УКМК тарабынан «Курортторг Жетиген» ААКнын акционерлери жана жетекчилиги тарабынан мыйзамсыз финансылык-экономикалык ишмердүүлүк фактылары аныкталды. «Алар узак убакыт бою алган кирешелеринин реалдуу көлөмүн жашырып келген, ошондой эле Ысык-Көл облусунун аймагында ар кандай долбоорлорду каржылоо шылтоосу менен ишкерлерден мыйзамсыз түрдө акча чогултушкан.

23-апрелде УКМК тарабынан Чолпон-Ата шаарындагы «Жетиген» базарынын — «Курорторг Жетиген» ААКсынын акционери жана ошол эле учурда директору болуп саналган Б.Л. аттуу жаран Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинде (өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык аракеттери менен) каралган кылмышка шектүү катары кармалды», — деп жазылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты