Чолпон-Атадагы саммитке катышуу үчүн Түркмөнстандан Нурмухаммет Аманнепесов келди

  • 1 год мурун

Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Нурмухаммет Аманнепесов Кыргызстанга келди.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Аманнепесов 2-июнда Чолпон-Ата шаарында өтө турган Борбор Азия өлкөлөрүнүн башчылары менен Европа кеңешинин төрагасынын экинчи жолугушуусуна катышат.

2-июнда Чолпон-Ата шаарында “Европа Биримдиги – Борбор Азия” аталыштагы экинчи саммит өтөт. Ага Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Нурмухаммет Аманнепесов жана Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель катышмакчы.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты