Чолпон-Атада жол кырсыгынан 7 адам жаракат алды

  • 2 года мурун

Чолпон-Атада жол кырсыгынан 7 адам жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Балыкчы-Чолпон-Ата-Каракол унаа жолунун 89-чакырымында (Чолпон-Ата шаары) Mercedes-Benz жана Volkswagen Vento үлгүсүндөгү жеңил аналардын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Кырсыктын кесепетинен 7 киши (2 эркек: 1993-жылы туулган О.К., 1983-жылы туулган Э.М., 2 аял: 1981жылы туулган С.С., 1994-жылы туулган О.А. 1 кыз: 2007-жылы туулган О.К. 1 бала: 2010-жылы туулган О.А. жана 1 кичине бала 2020-жылы туулган О.Б.) ар кандай жеңил жаракат алышкан. Жерине 4 куткаруучу тартылып, бирок куткаруучулар жеткенге чейин тез жардам кызматы жабыркагандарды оорканагага алып кеткен.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты