Чолпон-Атада «Европа Биримдиги – Борбор Азия» саммити башталды

  • 1 год мурун

Бүгүн, 2-июнда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында «Европа Биримдиги – Борбор Азия» саммити башталды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын өлкө башчысы Шавкат Мирзиёев, Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Нурмухаммет Аманнепесов жана Европа кеңешинин президенти Шарль Мишель катышууда.

Маалыматка ылайык, саммитте эки региондун ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун учурдагы абалы жана келечек пландары талкууланат, эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер жана Борбор Азия мамлекеттери менен Европа Биримдигинин өз ара аракеттешүүсү боюнча пикир алмашуу болот.

Иш-чараны 100гө жакын жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана 70 чет элдик журналист чагылдырууда.

Белгилей кетсек, «Европа Биримдиги – Борбор Азия» биринчи саммити 2022-жылдын октябрында Казакстандын борбору Астанада өткөн.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты