Чолпон-Атада эки күндүк Өзбекстандын маданият күндөрү өтөт
- 3 месяца мурун
- Жаңылыктар
Өзбекстандын маданият министри, эл артисти Озодбек Назарбеков жетектеген чыгармачыл делегация 26-июлда Ысык-Көлгө келди. Делегацияны Тамчыдагы эл аралык аэропорттон Кыргызстандын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов тосуп алды.
Курамында 200гө жакын чыгармачыл инсандар бар делегациянын катарында эл артисттери Фаррух Закиров, Камолиддин Уринбаев, Айгүл Надирова жана Зулайхо Бойхонова бар.
Өзбекстандын Маданият күндөрү 27–28-июль күндөрү Чолпон-Атада өтүп, анын алкагында «Навбахор» жана «Тумор» бий ансамблдери, ошондой эле мамлекеттик симфониялык оркестр катышкан концерттик программа сунушталат.
Ачылыш аземи 27-июлда саат 19:00дө «Рух Ордо» маданий борборунда, ал эми жабылуу аземи 28-июлда саат 19:00дө Бостеридеги «Дордой Номад» аренасында өтөт.




