Чолпон-Атада үч адамды сүзүп кеткенге шектелген скутердин айдоочусу кармалды

  • 1 год мурун

Чолпон-Атада үч адамды сүзүп кеткенге шектелген скутердин айдоочусу кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-июлда Ысык-Көл РИИБне, Ысык-Көл районунун аймактык  ооруканасынын тез жардам бөлүмүнөн 3 адам денесинен оор жаракаттарды алып ооруканага түшүп бирөөсү оорукананын жандандыруу бөлүмүнөн каза болуп, экөөсү жанадандыруу бөлүмүндө оор абалда жайгаштыргылганы боюнча  билдирүү келип түшкөн.

Аталган билдирүү Ысык-Көл РИИБдин МЭЖне катталып, аталган аймактык ооруканага ыкчам-тергөө тобу кечиктирилгис түрдө жөнөтүлүп,

Теришитриүү иш-чараларынын жүрүшүндө, 23-июль күнү саат 16:30 чамасында Чолпон-Ата шаарында жайгашкан эс алуучу жайларынын биринде, суу оюн-зоок кызматын көрсөткөн моторлуу кайыктын айдоочусу көлдүн үстүндө жүргөн “Таблетка” балонун сүйрөтүп бара жатып, теплоходко урунганы белгилүү болгон. Натыйжада, үч адам денесинен жаракат алып, оор абалда Чолпон-Ата шаарынын райондук ооруканасына жеткирилген.

Жабыркаган үч адамдын экөөсү алган оор жаракаттардан оорукананын жандандыруу бөлүмүнөн ошол эле күндүн түн чамасында көз жумуп, үчүнчү жабырлануучу хирургия бөлүмүнө жаткырылган.

Ысык-Көл РИИБнин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү кармалып, алдын ала суракта шектүү өз күнөөсүн толугу менен мойнуна алган.

Учурда тийштүү соттук медициналык экспертизаалар дайындалып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери улантылууда.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты