Чолпон-Атада архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды

  • 6 месяцев мурун

Кечээ, 5-декабрь күнү Чолпон-Ата шаарында Ысык-Көл райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жаңы имараты салтанаттуу түрдө ачылды. Иш-чарага министр Нурдан Орунтаев, жергиликтүү жетекчилер жана шаар тургундары катышты.

Министр жаңы имарат аймактагы шаар куруу тармагынын өнүгүшүнө өбөлгө болорун жана жарандарга кызмат көрсөтүү сапаты жогорулаарын белгиледи. 2025-жылдын июнунда башталган курулуштун жыйынтыгында жалпы 288 чарчы метрлик эки кабаттуу административдик имарат пайдаланууга берилди. Анда жыйындар залы, кабылдама, бирдиктүү терезе, архив жана техникалык бөлмөлөр жайгашкан.

Ачылыштын соңунда имараттын аймагына арчалар отургузулду. Буга чейин облус боюнча Түп району менен Балыкчы шаарында да ушундай имараттар курулган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты