Чолпон-Ата шаарынын жаңы дайындалган мэри ишке киришти
- 1 год мурун
Бүгүн, 5-августта, Чолпон-Ата шаарынын мэри болуп жаңы дайындалган Рустам Кадыркулов расмий түрдө өзүнүн ишине киришти.
Бул тууралуу аталган шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Рустам Кадыркуловду Чолпон-Ата шаарынын мэри кызматына дайындоого Ысык-Көл облусунун акими Жапарбек Ормонов кол койгон.
39 жаштагы Рустам Кадыркулов Токмок шаарында төрөлгөн. Токмок шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси болуп иштеген. Мамлекеттик салык кызматында ар кандай бөлүмдөрдө иштеп, салык кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары болгон.
2-июлдан бери Чолпон-Ата шаарынын мэри болуп Азамат Арнабек уулу иштеп жаткан.
Алгачкы иш күнүн шаардык мэриянын жамааты менен таанышуу менен баштаган жетекчи, учурда шаарда аткарылып жаткан иштер жана келечектеги пландар тууралуу кеңири маалымат алды.
Жолугушууда Рустам Кадыркулов жамаатка кайрылып, Чолпон-Ата — Кыргызстандагы туристтик борборлордун бири экенин баса белгиледи.
Сүрөттө: Рустам Кадыркулов. Интернет булактарынан




