Чолпон-Ата шаарында ТүркПАнын кеңешинин жыйыны өтүүдө

  • 2 года мурун

Чолпон-Ата шаарында ТүркПАнын кеңешинин жыйыны өтүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Алгач Казакстандын Парламентинин Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов сөз сүйлөп, ТүркПАга төрагалык кылуу милдети Казакстандан Кыргызстан тарапка өтүп жатканын белгиледи.

Андан соң Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов сөз сүйлөп: «Парламенттик ассамблея түзүлгөндөн бери көптөгөн долбоорлор ишке ашырылып келди. Мындан ары да тыгыз кызматташтык аркылуу боордош элдердин биримдигин арттыра беребиз деген ишеничтемин. Анткени, тарыхый байланышы терең, тектеш элдердин байланышын чыңдоо учур талабы», — деди.

Ошондой эле түрк тилдүү мамлекеттер арасында саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык өнөктөштүктү өөрчүтүү зарылчылыгына токтолгон Талант Мамытов: «Калыптанган достук жана өз ара ишенимге негизделген бир туугандык мамилелер аркылуу алдыга койгон максаттарыбызга биргеликте жетебиз деген үмүттөмүн»,- деп кошумчалады.  

Муну менен катар Жогорку Кеңештин төрагасы ТүркПАнын кезектеги отурумдарына келип, катышып жаткандыктары үчүн ассамблеяга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин делегация башчыларына ыраазычылык билдирип, бүгүнкү жыйында бир катар маанилүү маселелер караларын маалымдады.

Андан соң Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин төрайымы Сагиба Гафарова баяндама жасап, ТүркПАнын атынын өзгөрүшү менен кызматташтыкты мындан ары да жигердүү өнүктүрүүгө багытталган жаңы пландар коюларын кошумчалады.

Ал эми Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп боордош өлкөлөрдүн байланышын өнүктүрүүгө багытталган сунуштары менен бөлүшүп, айым депутаттар жана жаш эл өкүлдөрү арасында да кызматташтыкты арттыруу зарылчылыгына токтолду.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты