Чолпон-Ата шаарында эл аралык “Run the Silk Road” марафону өтөт
- 1 год мурун
Бүгүн, 3-майда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында эл аралык “Run the Silk Road” марафону башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Жарышка дээрлик 20 өлкөдөн 3000ден ашык спортчу жана ышкыбоздор катышууда. Маршрут деңиз деңгээлинен 1600 метр бийиктикте жайгашкан көлдүн кооз жээги менен өтөт.
Марафонго катышуу үчүн runthesilkroad.com шилтемесине кирип катталуу керек.
Муну бөлүшүү




